Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Аялдарга жана жашы жете электерге карата зордук-зомбулук боюнча соттук териштирүүлөр Жогорку Соттун катуу көзөмөлүндө болушу керек

“Жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу сөзсүз жакшы натыйжа берет деп ишенем”

«Аялдарга жана жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктар боюнча соттук териштирүүлөр Жогорку Соттун катуу көзөмөлүндө болушу керек», - деп билдирди бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жогорку Соттун имаратында болгон иш сапарынын алкагында сот кызматкерлери менен болгон жолугушууда.

Сот системасына коомчулуктун нааразычылыгын жараткан көйгөйлөрдү талдоо, аныктоо жана чечүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог аянтчаларын түзүү зарылдыгына көңүл бурду, бул бүгүнкү күндүн талабы.

«Жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу сөзсүз түрдө жакшы натыйжаларды берет деп ишенем», - деди мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле коомчулукта катуу резонанс жараткан соттук иштер боюнча соттордун чечимдери тууралуу тактоо жана анык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирүү учурдун талабы экенин баса белгиледи.

«Эгерде соттор таза болсо жана чыгарган чечимдери мыйзамдуу жана адилет болсо, ММК менен сүйлөшүүдөн баш тартууга негиз жок», - деди Садыр Жапаров.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото президенттин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх