Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сбербанк Кыргызстанга которуулар үчүн комиссияны жокко чыгарды

Башка өлкөлөргө которуу мүмкүнчүлүгү үчүн комиссия сакталып калган

Сбербанк Кыргызстанга которуулар үчүн комиссияны жокко чыгарды. Бул тууралуу банктын «Төлөмдөр жана которуулар» бөлүмүнүн директору Леонид Шныр билдирди.

«Комиссияны жокко чыгаруу накталай эмес төлөм кызматтарын өнүктүрүү боюнча иштердин бир бөлүгү болуп саналат, анын ичинде коңшу өлкөлөргө акча которууларга карата», - деди ал. - Демек, банктын кардарлары 1-августтан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандагы туугандарына жана жакындарына рублди комиссиясыз которууга мүмкүнчүлүк алышты. Кызмат SberBank Online тиркемесинде телефон номери аркылуу жергиликтүү банктардын карталарына которууда жеткиликтүү.

Комбанктын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда бул кызматты Бакай Банк, FINCA Банк, МБанк, Керемет Банк, Companion Bank, ошондой эле ЭЛСОМ ​​жана O!Dengi электрондук капчыктары колдойт.

«СберБанк Онлайн мобилдик тиркемеси аркылуу КМШнын башка өлкөлөрүнө акча которуу мүмкүнчүлүгү да бар, мында 1% комиссия алынат», - деди Шныр.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх