Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев өлкөнүн соода министри Сайед Навид Камар менен жолугушту

Тараптар соода жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен активдүү иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешти

Бир күн мурун Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев өлкөнүн соода министри Сайед Навид Камар менен жолугушуп, анда соода-экономикалык, инвестициялык жана кыргыз-пакистандык кызматташуунун эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.


     
Тараптар соода жүгүртүүнү жогорулатуу, айыл чарба, тоо-кен, фармацевтика жана текстиль өнөр жайы, энергетика, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүү, ошондой эле CASA-1000 сыяктуу актуалдуу аймактык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү биргелешкен иштердин зарылдыгын баса белгилешти.
     
Жогорудагы маселелерди алдыга жылдыруу максатында Уланбек Тотуяев соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын жана биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүү сыяктуу соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу иш-чараларды өз убагында өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


     
Өз кезегинде Сайед Навид Камар эки өлкөнүн ортосунда өнүгүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенине макул болуп, буга байланыштуу пландарды ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап менен активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх