Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМдин орун басары Динара Кемелова БУУнун системасынын КРдагы жаңы дайындалган туруктуу координатору Кристин Антье Грейв менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жалпы маселелерин талкуулашты

Бир күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Туруктуу координатору Кристин Антже Грейв жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.


     
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жалпы маселелерин талкуулашты.

Динара Кемелова кыргыз тарап тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.


     
Тактап айтканда, 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялоо демилгесин илгерилетүү сыяктуу жаңы демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу чиновник 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында аталган демилгелерди колдоо боюнча өлкө жетекчилигинин катышуусунда түрдүү иш-чаралар өткөрүлөрүн билдирди.
     
БУУнун Туруктуу координатору Кристин Антье Грейв эл аралык күн тартибинин алкагында тоо маселелерин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгүн оң баалады жана БУУнун жогоруда аталган демилгелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.



Өз кезегинде ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен да кабыл алынгандан кийин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
     
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх