Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берди

Фейсбуктагы «ПолитУзник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев да тергөө кызматына алынган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинде суракка алынды. Бул тууралуу маалымат кыргыз социалдык тармактарында тарады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сурак Сегизбаевдин социалдык тармактарда кыргыз сегментинде Жетим-Тоо кенине байланыштуу видео кайрылуусуна байланыштуу болгон.

Сегизбаев менен бирге анын жактоочусу Ички иштер министрлигинде болгон.


Кошумчалай кетсек, буга чейин тергөө кызматы Фейсбуктагы «ПолитУзник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди кармаган. Ага бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырык жасаган деген айып тагылган.

Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголду. Текшерилүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх