Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга расмий сапар менен барат
Анда кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланат
2022-жылдын 16-17-августунда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү жана биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны болот. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт www