Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сентябрь айында Бишкекте биринчи жолу футбол боюнча U-20 жаштар арасындагы Азия кубогуна тандоо этабы башталат (фото)

Тандоо оюндары 14-18-сентябрь аралыгында борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт

Сентябрь айында Бишкекте биринчи жолу футбол боюнча 20 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия кубогуна тандоо этабы башталат.

Тандоо оюндары 2022-жылдын 14-18-сентябрында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Квалификациялык турнирдин беттештери 2023-жылдын жазында Өзбекстанда өтө турган 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогунун финалдык турниринин катышуучуларын аныктоо максатында өткөрүлөт.

2023-жылы Азия Кубогу Индонезияда өтүүчү жаштар арасындагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын башталгыч аянтчасы катары кызмат кылат. Ал жакка Азиянын төрт мыкты командасы барат. Азия футбол ассоциациясынын мүчөлөрү болгон 44 команда 10 тайпага бөлүнгөн.

Тандоо турниринде Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) J тайпасында ойнойт.



Биздин жаштар курама командабызга Бириккен Араб Эмираттарынын, Ирандын жана Брунейдин командалары атаандаш болот.

Он квалификациялык топтун жеңүүчүлөрү жана алдыңкы беш экинчи орунду ээлегендер 2023-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азия Кубогунун финалына чыгышат.Өлкөнүн жаштар курамасында мындан аркы мелдештерге катышууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Фото

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх