Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марат Иманкулов ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты

Жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү, глобалдык жана аймактык коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкентте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Ошол эле учурда Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жадамын Энхбаяр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү», - деп айтылат маалыматта.


Анын айтымында, жолугушуулардын жүрүшүндө глобалдык жана аймактык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

«Мындан тышкары, ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө маселелери талкууланды», - деп кошумчалады мамлекет башчысынын администрациясы.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх