Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ӨКМ РФнын Ульяновск облусунда болгон кырсыкта каза болгон кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады

Үч кыргызстандык аман калган, алардын абалы оор деп бааланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ульяновск районундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады:

Жакыпбек Абдулхамид уулу, 32 жашта, Араван районунун Гүлбахор айылынын тургуну;

Диана Акылбековна Бекмурзаева, 23 жашта, Ноокат районунун Муркут айылында туулган;

Сыймыкбек Кутманали уулу, 23 жашта, Араван районунун Гүлбахор айылынын тургуну;

Сулайманова Уулкан Хакимовна, 46 жашта, Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган;

Шекербек Аманалиевич Жуманалиев, 22 жашта, Аксы районунда туулган;

Элнура Турганбаевна Мусабаева, 42 жашта, Чыңгыз Айтматов атындагы айылдын тургуну (Жалал-Абад);

Алина Ормонбек кызы, 27 жашта, Кызыл Алма айылынын (Таш-Көмүр шаары);

Адилет Турсуналы уулу, 22 жашта, Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө туулган;

Азиз Каныбек уулу, Сузак районунун Жыгач-Коргон айылынын тургуну;

Ойгүл Гани кызы Абдуллаева, 31 жашта, Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну;

Майрамбек Акылбек уулу, 25 жашта, Кадамжай шаарында туулган;

Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович, 36 жашта, Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

Нуртилек Арыстанбек уулу, 25 жашта, Табылгы айылында туулган.

Дагы бир маркумдун өздүгү тактала элек.

Ооруканага жаткырылгандардын тизмеси:

Баткен шаарында туулган, 41 жаштагы Айгүл Алибаева;

Баткен районунун Соңгент айылынын тургуну, 21 жаштагы Сыймык Бекназар уулу;

28 жаштагы Таалайбек Абдусалим уулу, Ош облусунун Ноокат районундагы Муркут айылынын тургуну.

Эске салсак, Орусиянын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан 16 адам каза болгон, анын 14ү кыргызстандык. Айдоочусу да каза болгон жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрү менен кичи автобусту башка жүк ташуучу унаа менен тебелеп кеткен. Бүгүн Кыргызстанда каза болгондорго аза күтүү күнү жарыяланды.

ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх