Акылбек Жапаров: Социалдык кызматкерлер арасында эң көп айлык акы мугалимдердики
Министрлер Кабинетинин Төрагасы күзгү категория боюнча сынактан кийин мугалимдерге дагы 5 миң сом көтөрүлөрүн убада кылды
Мугалимдер социалдык кызматкерлердин арасында эң көп айлык алышат. Бул тууралуу мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август конференциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«1-апрелден баштап бардык мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү», - деди ал. – Кыргызстанда 183 миңден ашык билим берүү кызматкерлери болсо, алардын арасында 124 миңден ашуун мугалим бар. Күзүндө педагогикалык категорияга сынак болот. Андан өткөндөрдүн айлык акысы 5000 сомго көтөрүлөт. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери көтөрүлбөй калбайт. Учурда мектеп директорлорунун, окуу жайлардын башкы мугалимдеринин айлыгын көтөрүү иштери жүрүп жатат”.
Сүрөт www