Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан буудайды экспорттоого тыюу салуу боюнча министрлер кабинетине сунуш киргизди

Тиешелүү токтомдун долбоору мамлекеттик мекеменин сайтына жарыяланды

Айыл чарба министрлиги алты айга Кыргызстандан буудай менен меслинди (буудай менен кара буудайдын аралашмасы) экспорттоого тыюу салуу сунушун министрлер кабинетине киргизди. Бул тууралуу маалымат ведомствонун сайтында пайда болду.

Документке ылайык, чектөөлөр реэкспортко, транзитке, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга таасирин тийгизбейт. Экспортко тыюу салуу аймагы ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жайылтылбайт. Демилге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар баасын турукташтырууга багытталган.

Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстан буудайды сырттан кошумча импорттойт. Негизги жеткирүүчүлөр Орусия жана Казакстан. Министрликте өлкөнүн жылдык керектөөсү 769,1 миң тонна деп эсептелген. 75—80 процентке жакынын ез продукциясы менен камсыз кылуу пландаштырылган.

2021-жылы Кыргызстанда буудай 2020-жылга салыштырмалуу 42,3 пайызга аз жыйналды. 2022-жылдын июнь айында Айыл чарба министрлиги быйыл күзүндө күтүлүп жаткан түшүм 665 000 тоннаны түзөрүн билдирген (былтыркы жылы 385 700 тонна жыйналган). Мамлекеттик мекемеде буга чейин Орусиядан сатып алынып, Казакстандан келген жогорку түшүмдүү үрөндөр чоң үмүт артууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх