Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрлан Абдылдаев Тажикстандын ИИМи Рамазон Рахимзода менен жолугушту

Тараптар эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги аспектилери боюнча пикир алышты

Жакында Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев менен Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги аспектилери, анын ичинде миграция жана укук коргоо жаатында пикир алышты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгын колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти, бул аймакта болуп жаткан коркунучтарды жана чакырыктарды өз убагында алдын алууга, ошондой эле Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга оң таасирин тийгизиши керек.

Ички иштер министри Ооганстандын түндүгүндө иш алып барган эл аралык террористтик уюмдардын коркунучу уланып жатканына басым жасап, бул багытта, анын ичинде аймактык уюмдардын алкагында кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгына токтолду.

Кыргыз Республикасынын ТИМ маалымат департаменти
фото Кыргыз Республикасынын ТИМ маалымат департаменти

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх