Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун тургундарынын коопсуздугун милиция кайтарууда (сүрөт)

Ленин райондук ИИБ башчысы жана кызматкерлери менен тургундардын жолугушуусу болуп өттү

№9 мектеп-гимназиясынын актовый залында милиция кызматкерлери менен №1 муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакытбек Нарчаев, муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Салмурбек уулу Азат, жергиликтүү милиция кызматкерлери жана райондун тургундары катышты.


Жолугушунун жүрүшүндө райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы райондук милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти камсыздоо боюнча аткарылган иштер, Ленин районунун аймагындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.


Ошондой эле, жашоочулар тарабынан участкалык милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу орчундуу көйгөйлөр, көптөгөн социалдык маселелер көтөрүлүп, өз кезегинде көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн Ленин РИИБнин жетекчилиги жана муниципалитет тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх