КРнын Коргоо министрлигинин башчысы Ташкентте өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышты
Тараптар аймактагы коопсуздукту жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин башчысы Ташкентте өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Жыйын 24-августта Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда өттү», - деп айтылат министрликтин маалыматында. - Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Биз кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик. ШКУнун министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Индияда өткөрүү боюнча макулдашууга жетиштик”.
Иш-чара ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну бекемдөөгө багытталган жыйынтыктоочу документтерге кол коюу менен аяктады.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www