Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШнын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандын желеги менен жарыктандырылды

Кыргыз Республикасынын символдору дубалды 2-сентябрга чейин кооздойт

АКШнын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандын желеги менен жарыктандырылды. Бул тууралуу маалымат жана видео дипломатиялык өкүлчүлүктүн youtube-каналында пайда болду.

«Биз Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына элчилигибиздин дубалын жарыктандырып жатканыбызга кубанычтабыз», - деп билдирди АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер кыргыз тилиндеги видеотасмада. «Бул биздин элдерибиздин ортосундагы достуктун жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы менен эгемендигине АКШнын колдоосунун айкын символу».

Аны менен бирге дипломатиялык бөлүмдүн кыргызстандык жана америкалык кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү куттуктоо видеосуна тартылышты.

Элчиликтен билдиришкендей, жарыктандыруу 2-сентябрга чейин күн сайын жүргүзүлөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх