Баткенде лотереянын уюштуруучулары жасалма “жеңүүчүлөр” аркылуу байгелерди өздөрү бөлүп алышкан
УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, акча алып, байге катары колдонулган унааларды токтотуучу жайга коюшту
Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында «Баткен Пауэр» аттуу лотереяны мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Х.Х. .у.Н., УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте 25-26-август күндөрү кылмышка шектүүлөрдүн иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
Тинтүү иштеринин жыйынтыгында 800 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар, банктык карталар, автотранспорт каражаттарын колдонууга ишеним каттар алынып, 7 унаа токтоочу жайга коюлуп, байге катары ойнотулган.
Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин, ойнотулган билеттердин саны 2800 даана. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды адаштырышкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды пайдалануу фактылары аныкталды, бирок чындыгында байгелер уюштуруучулар тарабынан ыйгарылды.
Учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www