Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика министрлиги коомдук тамактануу үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 3-6% чейин төмөндөтүүнү сунуштады

Бул көрсөткүч учурда 8% түзөт

Коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын 3-6% деңгээлинде белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
     
“Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, салыктын өлчөмү төлөө формасына жана аймакка жараша болот.
     
Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 6% жана накталай эмес түрдө 4%, республика боюнча 5% накталай жана 3% накталай эмес формада болот.
     
Бул көрсөткүч учурда 8%ды түзөт.
     
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх