Казахстандын балдары мунайдан түшкөн кирешени эсептерине алат
Казакстандын президенти жаңы кайрылуу жасады
Казакстанда “Балдар үчүн улуттук фонд” жаңы программасын киргизүү сунушталууда.
«Ар бир үй-бүлө өлкөнүн улуттук байлыгын пайдалануудан реалдуу киреше алууга тийиш. Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин 50%ын балдар 18 жашка толгонго чейин акчаны мөөнөтүнөн мурда алуу укугусуз атайын сактык кассаларга чегерип берүүнү сунуштайм», - деди президент Касым-Жомарт Токаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө.
Жашы жеткенде казакстандыктар топтолгон акча каражаты аларды турак жай сатып алууга жана билим алууга багыттай алат.
Салык реформасынын алкагында мамлекет башчысы люкс деп аталган салыкты киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
"Ал кымбат кыймылсыз мүлктөрдү, унааларды сатып алуу үчүн алынат жана орто класска таасирин тийгизбейт", - деди Касым-Жомарт Токаев.
Ал ошондой эле январь окуясынын катышуучуларына бир жолку мунапыс жарыялоо чечимин жарыялады.
«Албетте, мунапыс массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан негизги айыпталуучуларга, ошондой эле мамлекетке чыккынчылык жана бийликти күч менен алмаштыруу аракети боюнча айыпталгандарга таасирин тийгизбейт. Террордук жана экстремисттик кылмыштарды жасагандар, рецидивисттер, ошондой эле кыйноолорду колдонгондор мунапыска түшпөйт», - деди коңшу мамлекет башчысы.
Январь окуясында каза болгондордун материалдык абалы оор болгон үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлөт.
Айнур Коскина
Сүрөт www