Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чуңкурчакта 40 миң конок Эгемендүүлүк майрамын белгиледи

Катышуучулардын коопсуздугун 2 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери камсыздашты

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө Чуңкурчак капчыгайына 40 миң конок келген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Жайлоого коноктор жана майрамдын катышуучулары келген 10 миңден ашык унаа катталды, - деп белгилешти милициядан. «Алардын коопсуздугун 2 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери камсыздашты. Маселен, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан 1,5 миң милиционер тартылган. Шаардык милициянын өздүк курамы, ППС, ОБД, УКМК жана башкалар катышты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, майрам учурунда өзгөчө окуялар болгон жок.

«Үч бала жоголду, бирок алар тез арада табылып, ата-энелерине кайтарылды», - деп айтылат бөлүмдүн маалыматында.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх