Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМдин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун системасынын КРдагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары КРнын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы глобалдык демилгелерине токтолду

Бир күн мурун Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.



Жолугушууда Тышкы иштер министринин орун басары Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы глобалдык демилгелери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” деп жарыялоо боюнча резолюциясынын долбоорун иштеп чыгууну пландаштырууда.

Айбек Молдогазиев Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин колдоо максатында 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркто тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөрүн билдирди. Ал бул иш-чарага БУУнун делегациясынын жана анын институттарынын жогорку деңгээлде катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.



Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутумунун Туруктуу координатору Антье Грейв Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин кубаттай турганын жана колдой турганын билдирди. Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ал бул маанилүү окуяны даярдоодо кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Мындан тышкары, Антье Грейв жогоруда аталган резолюция кабыл алынгандан кийин аны иш жүзүндө ишке ашырууда БУУнун тутумунун Кыргыз Республикасындагы активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх