Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровду Кумтөр алтынын сатуудан түшкөн миллиарддар боюнча элге отчет берүүгө чакырды

Бириккен демократиялык кыймылдын Кумтөр маселеси боюнча үчүнчү билдирүүсү

Бириккен демократиялык кыймыл элди толкундаткан, көңүлүн түйшөлткөн Кумтөр маселеси боюнча президенттин, Жогорку кеңештин, өкмөттүн алдына 29 августа өз билдирүүсү менен бир нече маанилүү суроолорду койду эле.
Бүгүнкү күнгө чейин эл, коом бир дагы суроого жооп алалган жок. Эмне үчүн Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бир дагы орчунду суроого жооп  беришпеди?!
  Бириккен демократиялык кыймыл бүгүнкү мамлекеттик бийликти жоопкерчиликтен качып жатат деп эсептейбиз! Бул арада коомдун көңүлүн өзүнө бурган дагы бир нече суроолор пайда болду.
1. Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд 210 млн доллары каяка сарпталды?
2. Расмий билдирүүлөр боюнча  Британияга (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна) сатылган алтындын баасы 1 тоннасы 57-58 млн доллар болгон, ошол эле учурда биздин бийлик Кытайга 1 тонна, Таиландга 1 тонна алтынды 36-37 млн доллардан саткан. Эмне учун баада мындай чоң айырма бар жана ал кайда кетти?
3. Швейцариянын өкмөтүнүн ачык порталынын маалыматына ылайык, алар бизден 19 тонна алтынды 1 млрд 210 млн долларга сатып  алышканын жазышты. Ошол эле учурда КР Улуттук Банкы 2022 жылдын 25  августунда билдирүү таратып, Швейцарияга сатылган алтын Күмтөрдүкү эмес экенин, ал алтын Улуттук алтын-валюталык резервинин алтыны деп расмий билдиришти. Андай болсо, 2021-жылы  Күмтордө өндүрүлгөн 14,5 тонна алтын кайда? 

Урматтуу Президент Кумтөрдүн алтыны жана андан тушкөн миллиардтар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх