Тазабек Икрамов Теңиз Бөлтүрүктү ЖКга чакырып, Кумтөр боюнча суроону сунуштады
Парламент балдарга карата зордук-зомбулуктун абалы боюнча башкы прокурорду да угууну каалайт
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү коомдо кызуу талкууга алынып жаткан бир катар маселелерди көтөрүштү.
Алсак, депутат Тазабек Икрамов Кумтөргө, азык-түлүктүн кымбатташына, ошондой эле балдарга карата жасалган кылмыштарга байланыштуу маселелерди өзүнчө, өзүнчө талкуулоону сунуштады.
«Көптөгөн суроолор топтолуп калды, андыктан Кумтөр, азык-түлүктүн кымбатташы, балдарга каршы кылмыштар боюнча маселелерди өзүнчө кароо керек», - деди Икрамов. - Мен Теңиз Бөлтүрүктү Жогорку Кеңешке чакырып, Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча толук отчет берүүнү, Башкы прокурорду жана министрлер кабинетин толук курамда чакырууну сунуштайм.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кесиптешинин сунушун добушка койду.
Жыйынтыгында балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн эртең Жогорку Кеңештин жыйынына башкы прокурор Курманкул Зулушевди чакыруу чечими кабыл алынды.
Ал эми келерки жумада министрлер кабинети толук курамы менен Жогорку Кеңешке келе турган өкмөттүк күндү белгилөө пландалууда.
Ислам Жолдошов
сүрөт www