Кыргызстандык чет өлкөдөн социалдык тармактарга жазган посттору үчүн УКМКнын СИЗОсуна камалды
Россияга каршы аракеттерди жасаган жана мыйзам бузган КРнын жараны Россиядан депортацияланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны «Э.Б.ны кармады.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жаранга карата «Э.Б. камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.
6-сентябрь күнү жаран «Э.Б. Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгына жана Россияга каршы аракеттерди жасагандыгына байланыштуу Москва шаарынын Преображен райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.
7-сентябрдагы жаран «Э.Б. УКМКга жеткирилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www