Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Надира Нарматова Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин ЖКнын жыйынына катышуусун камсыздоону талап кылды

Эл өкүлү эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн тез арада чечүү керектигин айтты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова президенттин парламенттеги өкүлүнөн КР Орусиядагы элчисинин Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына катышуусун камсыздоону суранды.

«Биз Кыргызстанда жумуш орундарын түзө албагандыктан, жок дегенде эмгек мигранттарына жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек», - деди Нарматова президенттин өкүлүнө. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчисинин, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин, ошондой эле Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңештин кезектеги отурумуна катышуусун камсыздоо боюнча протоколдук тапшырманы кабыл алууну суранам.  Бул жерде баарыбыз чогуу бардык проблемаларды карап чыгып, аларды чечүү үчүн чараларды көрөлү деп.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх