Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Фейсбукта диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын ачыктады (фото)

Экстремисттердин үйлөрү тинтүүгө алынды

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында  Фейсбук социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдары таратылып жаткандыгы аныкталган.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен жарыяланган материалдарда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун символдору аныкталган, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар камтылган.



7-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Хизб-ут-Тахрир» РКУнун Ноокат району боюнча 6 активдүү мүчөсү, «Хизб-ут-Тахрир» РКУнун 1 активдүү мүчөсү  Кызыл-Суу районунун жашаган жеринен жана  1 активдүү мүчөсүн издөө иштери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлгөн.


Электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкалар, дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалат.


УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх