Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Жээнбек Кулубаев КСАнын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравиясына жумушчу сапарынын алкагында Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугушуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Эки тараптуу өнөктөштүктүн жогорку жана прогрессивдүү динамикасын белгилеп, Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин КСАга пландаштырылган расмий сапары, анын алкагында эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюу пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Халид Аль-Фалих Саудия тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга зор кызыгуусун билдирип, ага байланыштуу конкреттүү инвестициялык сунуштарды кароого берүүнү өтүндү.​



Ал техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга да, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна да катышууга даяр экенин билдирди.

КСАнын инвестиция министри энергетика жана кайра жаралуучу энергия, айыл чарба, туризм, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү ж.б.



Жээнбек Кулубаев маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Халид Аль-Фалих чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги конкреттүү соода-экономикалык долбоорлордун пайдубалын даярдоого тийиш болгон Сауд Аравиясынын жумушчу тобунун иш сапарынан кийин Кыргызстанга келерин убада кылды.


ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх