Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК диний-экстремисттик идеологияга үгүттөгөн чет элдик жаранды кармады (фото)

Чет элдик жарандын үйүнөн ок-дарылар табылган

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 8-сентябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү менен (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  УКМКнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн, диний-экстремисттик идеологияны жайылтуу менен алектенген чет мамлекеттин жараны Р.А.Р. кармалды.



Анын убактылуу жашаган жеринен тинтүүнүн натыйжасында ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылган.



Учурда кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.



УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх