Депутат Кенжебаев инвесторлорго карата бирдиктүү саясатты кабыл алууну сунуштады
Анын пикиринде, ар кандай ведомстволор менен өз ара аракеттенүү инвесторлор үчүн кыйынчылыктарды жаратууда
Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы Аманкан Кенжебаев инвесторлорго карата бирдиктүү саясатты кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
«Чакан ГЭСтер темасы азыр абдан актуалдуу болуп, алар жеринде курулуп жатат», - дейт Кенжебаев. «Бирок чындыгында биз инвесторлорго кыйынчылык жаратып жатабыз, анткени саясатты Экономика министрлиги алып барат, ал эми суу ресурстары Айыл чарба министрлигине тиешелүү. Ошол эле учурда кичи ГЭСтерди курууда бак-дарак кыйылышы мүмкүн, ал эми Жаратылыш ресурстар министрлиги 5 миллион сом, мисалы, айып пул белгилейт. Албетте экология керек, ГЭСтер дагы керек, ошондуктан бирдиктүү саясатты киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайм. Ошентип, бир бөлүм инвесторлор менен иштешет.
Ислам Жолдошов
сүрөт www