Өкмөт аянты эми жаңыча көрүнөт (сүрөт)
Бул боюнча «Тазалык» ишканасынын 35 кызматкери жана 3 атайын техника иштеген
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.
Ишкананын кызматкерлери Өкмөт гүлбакчасында аянты 2200 чарчы метр таманташтарды алмаштыруу иштерин бүтүрүштү. Алмаштыруу иштерине 35 кызматкер жана 3 бирдик атайын техника тартылган.
Ошондой эле, 325 погон метр жөнөкөй бордюрлар алмаштырылып, 62 погон метр гранит бордюрлар оңдолду.
Буга чейин ишкананын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк тарабындагы Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү таманташтарды алмаштырган.
Бишкек мэриясы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз