Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда
Жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачылары тарапка маал-маалы менен ок атышууда
Саат 11:30га карата мамлекеттик чек аранын Булак-Башы тилкесиндеги кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.
Окуя болгон жерде Тажикстандын УКМКнын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы полковник Төлөнбаев Тажикстандын УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы генерал-майор Пиракзода менен жолугушууда.
Ок атышпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларына маал-маалы менен ок атышууда.
Саат 11:30га карата КР УКМКнын чек ара аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жок.
КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүдө.
КР УКМКнын маалымат кызматы
сүрөт www