Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жон Жапаркулов: Алтынга болгон чыныгы суроо-талапты Кыргыз фондулук биржасы аркылуу ачыкка чыгарууга болот

Эми баалуу металлдын баасын Улуттук банк монополдуу коюп жатат

Кыргыз фондулук биржасында алтын куймаларын сатуудагы көрүнүш аларга болгон чыныгы суроо-талапты жана бааны ачып берет. Мындай пикирин Vesti.kg сайты менен болгон маегинде банк сектору боюнча эксперт Жон Жапаркулов билдирди.

«Мурда жарандар алтын куймаларын сатып ала турган бир эле базар бар болчу», - деди ал. -Мындай монополиялык позиция Улуттук банкка өзү каалаган баалуу металлдын баасын коюуга мүмкүндүк берди. Эми биржанын соода аянтына алтындын келиши менен анын реалдуу базар баасы жана суроо-талап аныктала баштайт. Алтын куймаларын колдонуу, сактоо жана сатып алуу/сатуу боюнча бардык башка чектөөлөр, албетте, сакталып калат.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-февралынан тарта Кыргызстандын Улуттук банкы аффинаждалган алтын куймаларын республиканын ички рыногунда сатууну баштады. Аларды Улуттук банктан гана сатып алууга болот.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан даярдалат жана куйманын эритме салмагынын 99,95 пайызынан кем эмес химиялык таза негизги металлды камтыйт. Сатуу баасы ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн сом менен жекече белгиленет жана Улуттук банктын расмий сайтында күн сайын жарыяланат.

Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып алуу жүргүзүлбөйт.

Алтын ээлерине аларды башка сатып алуучуларга сатууга жана чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салынат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх