УКМК: Тажикстан биздин аймакты басып алууга аракет кылып жатат
Мамкомитет коңшу өлкө чек арага оор техникаларды тартып жатканын билдирди
КР УКМК ок атууну токтотуу аракеттерине карабастан, тажик тарап жаңжал болгон аймакка оор аскердик техниканы алып келүүнү улантып жатканын жана Кыргыз Республикасынын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон арсеналдын баарын колдонуп, биздин аймакты басып алууга аракет кылып жатканын билдирди.
Учурда периметрде кызуу салгылашуулар жүрүп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Тажикстан Республикасынын аскердик агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз