Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Канчалык кыйын болсо да бийликти колдоо". Бириккен демократиялык кыймылдын билдируусу

«Биз ушул күндөрү бардык маселелер расмий бийликтин жетекчилиги астында чечилиши керек деп эсептейбиз»

Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) кыргыз-тажик чатагы боюнча билдирүү таратты.

«Урматтуу мекендештер, бүгүн өлкөбүз жана элибиз үчүн оор күндөрдүн бири. Түбөлүк коңшубуз менен жер, чек ара маселелеринде элибиз колуна курал алып, жерин коргоого аргасыз. Жер маселеси бардык элдер сыяктуу эле биз учун эң маанилуу.

Коңшу эки өлкөнүн ортосундагы эки күндөн бери уланып жаткан куралдуу жаңжалды тирешүүгө барбай, сабырдуулук, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек.

Ушундай оор кырдаалда Бириккен Демократиялык Кыймыл элди, саясатчыларды, жарандык активисттерди канчалык кыйын болсо да бийликти колдоого чакырат.

Бул күндөрү бардык маселелер расмий бийликтин жетекчилиги астында чечилиши керек деп эсептейбиз.

Мекен баарыбыз үчүн ыйык!!!”, - деп айтылат кайрылууда.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх