Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек арадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери ок атышууну токтотуу жана аскерлерди кармашуу сызыгынан чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында өтүп жаткан ШКУнун саммитинин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Тараптар чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.
Эки өлкөнүн лидерлери ок атышууну токтотуу жана согуштук линиядан күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иш алып барышат, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө комиссиясы түзүлөт.
Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Медиа-штаб
фото www