Тажик агрессиясы. КР Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Баткен жана Лейлек райондорунда жарылбаган снаряддарды издөө жана зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат
Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу абалында.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишин жана тергөө топторунун ишин координациялоодо, Тажикстандын басып алуусунун натыйжасында жабыркаган турак жайларды, мамлекеттик мекемелерди, соода түйүндөрүн текшерүү жана андан кийин келтирилген зыянды аныктоо.
Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөтчүлөр укук тартибин коргоо жана сактоо боюнча калкка күнү-түнү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) боюнча кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басарынын айтымында, Тажикстандын кол салуусуна себеп болгон жагдайларды ар тараптуу жана тыкыр иликтөө үчүн Баткен облусунда ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Топтун курамына Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Аскердик прокуратуранын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирет. Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарды текшерүүгө алууда.
Бүгүнкү күндө аткылоо учурунда жабыркаган он беш объектиге (турак жайлар жана соода борборлору) тыкыр текшерүү жүргүзүлүп, келтирилген зыянды аныктоо чаралары көрүлдү.
Баткен облусуна гуманитардык жардамдын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө. Баткен облусунун милициясы жана КР ИИМдин Ички аскерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, күнү-түнү күзөт иштерин жүргүзүп, кырдаал толук көзөмөлгө алынган.
Баткен жана Лейлек райондорунун жабыркаган айылдарында жарылбай калган снаряддарды издөө жана зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.
КРнын ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www