Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын агрессиясы боюнча билдирүү жасады

Кыргызстандын экс-президенти азыркы кырдаалда өлкө жетекчилигинин аракеттерин колдоону улантууга чакырды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу басып киришинин натыйжасында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

«Бүгүн өлкөдө Мекен тагдыры үчүн курман болгон мекендештерге аза күтүү күнү», - деп айтылат социалдык тармакта жарыяланган жарандарга кайрылуусунда. «Өмүрүнүн баасы менен мамлекетибиздин чек арасын коргоп, өз милдетин абийир менен аткарган баатырларга башыбызды ийебиз. Жоокерлер, Баткен районунун карапайым тургундары курман болушкан. Алардын ар бири үчүн жүрөгүбүз ооруйт, жоготуунун ачуусун сезебиз. Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, алар менен орду толгус жоготууну бөлүшөбүз. Маркумдардын жаны жаннатта болсун. Ошондой эле ар кандай жаракаттарды алган мекендештердин тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Бул кундөрдө биз бир адамдай биригип, ар бирибиз колдон келген жардамыбызды берүүгө шашылдык. Кырдаалды жөнгө салууда өлкө жетекчилигинин жана чек арачылардын аракеттерине мындан ары да колдоо көрсөтүп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бир күч менен коргойбуз! Өлкөнүн кызыкчылыгы эң кымбат!

Кыргызстаныбызды Жараткан сактасын!”

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх