Тажик агрессиясы. Жалпысынан 185 кыргызстандык жапа чеккен
Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт
Бүгүн таңга карата оперативдүү маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылгандардын жалпы саны 185 адам болсо, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
164 адам ооруканада дарылануусун улантууда. Баткен облусунда 60 жабырлануучу саламаттыкты сактоо уюмдарында дарыланууда, 104ү Бишкек жана Ош шаарларына которулган:
1. Улуттук госпитал – 75;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;
3. Энеликти жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;
4. Тез жардам ооруканасы - 9;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы - 4.
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.
Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www