Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы абанын сапатын кантип жакшыртууну талкуулады

Дүйнөлүк банктын эксперттери муниципалитетке көйгөйлүү маселени чечүүгө жардам беришет

Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу” долбоорунун үстүндө иштеп жаткан Киртан Саху баштаган Дүйнөлүк банктын эксперттер тобу менен жолугушту.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу механизмдерин жана учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Эксперттик топ абаны булгоочу булактарды комплекстүү талдоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бөлүштү.

Миссиянын негизги максаттары – абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун деталдарын талкуулоо жана макулдашуу, өзгөчө долбоордун компоненттерине жана ишке ашыруу механизмдерине байланыштуу, экологиялык жана социалдык саясаттын инструменттерин даярдоо жана башка иш-чаралардын жүрүшүнө көз салуу.

Бишкек шаарынын мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх