Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Суу дарыясындагы буга чейин жардырылган көпүрө кайрадан оңдолуп ачылды (фото)

Атайын техниканын жардамы менен өтмөк калыбына келтирилди

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы салгылашуу учурунда Тажикстандын аскерлери жардырып жиберген Ак-Суу дарыясындагы көпүрө кайрадан кыймыл үчүн ачылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


«Бүгүнкү күндө жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын убактылуу өтүүсүнө шарт түзүлдү», - деп айтылат министрликтин маалыматында. - Дарыянын аркы өйүзүндөгү кыймылды калыбына келтирүү үчүн 7 бирдик атайын техника тартылган.


Эске салсак, көпүрө Көк-Таш - Аксай - Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында Дача - Чайхана жолунун тилкесинде жайгашкан. Калктын муктаждыктары учун азык-тулук, дары-дармек жана башка товарларды жеткирип турат.

 

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх