Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар
Өткөн түн окуясыз, тынч өттү
Бүгүн саат 09:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жана Баткен облусунун аймагында абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу элементтери менен мүнөздөлүүдө.
20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч, окуясыз өттү.
Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чек ара аймактарын жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан аныктоо, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.
КРнын УКМК маалымат кызматы
Сүрөт www