Ошондой эле бажычылар баткендиктерге бир күндүк маянасын которуп беришти
Борбордук казыналыктын атайын эсебине 736 755 сом которулду
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагындагы окуялардан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Борбордук казыналыктын атайын эсебине 736 755,21 сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын которду.
Бажы кызматынын өздүк курамы каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз.
Бажы кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз