Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды (видео)

Владимир Путиндин жарлыгы бүгүнтөн тарта иштей баштады

Бүгүнтөн тарта Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн орус президенти Владимир Путин элге кайрылуусунда билдирди.
Путиндин жарлыгына ылайык, аскер кызматына запастагы, биринчи кезекте куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгон жарандар гана өтүшөт.



Россиянын президенти жарым-жартылай мобилизациялоо чечими өлкөнү, анын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоо жана орус элинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын белгиледи.

«Батыш өлкөлөрү Киевди аскердик операцияларды Орусиянын аймагына өткөрүүгө түртүп жатат, өзөктүк шантаж башталды, бизди ядердик курал менен коркутуп жатышат», - деди Владимир Путин.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх