Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовго 2 миллион сом айып салынды

Мурдагы чиновник кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылды

Сот өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун өкүмү бүгүн чыкты. Абдраимов мамлекеттик кирешеге 2 миллион сом айыпка жыгылды.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов май айында кармалган. Чиновник 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Абдраимовдун үлүшү 95 пайызды түзгөн муниципалдык жер тилкесин «Кайнар» жабык акционердик коомунун таштанды таштоочу жайына ижарага берүү боюнча колдоо кылган деп шектелген.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө ал кылмыш жасагандыгын мойнуна алып, аталган жерди Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрүп берген. Ал иш боюнча белгиленген 15 миллион 300 миң сом зыяндын ордун толук толтурган. Кошумчалай кетсек, Чүй облусунун мурдагы башчысы Ысык-Ата пансионатындагы конок имаратын Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына берген. Андан соң чиновник үй камагына чыгарылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх