Садыр Жапаров Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан менен Беларустун президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты
Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчылары кыргыз-беларусь эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.
Жапаров менен Лукашенко эки тарапты кызыктырган тармактарда жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышты.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз