Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШнын мамлекеттик катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирди

КРнын ТИМи Энтони Блинкенге Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтып берди

Бир күн мурун, 22-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Кулубаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтык менен стабилдүүлүккө жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында да, аймактык платформаларда да, анын ичинде Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

КРнын ТИМмаалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх