Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ОшМУнун студенттик жатаканасында убактылуу жашап жаткан баткендиктерге дарыгерлер жардам көрсөтүштү

Куралдуу кол салуудан оор күндөрдө аман калган адамдар эми өзүнө келип жатышат

Баткен районунун чек ара айылдарынан келген 670 качкын ОшМУнун студенттик жатаканасында убактылуу жашайт. Алардын арасында жаш балдары бар үй-бүлөлөр, өнөкөт оорулар менен ооруган карылар бар.

Андыктан медицина кызматкерлери жеринде нөөмөттө болуп, аларга бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп, психологиялык колдоо көрсөтүшөт. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адистери да жарандарга санитардык-гигиенаны сактоонун маанилүүлүгүн айтып, жугуштуу эмес оорулар жана курч ичеги-карын инфекцияларынын алдын алуу боюнча кеп-кеңештерин беришти.

Камкор жарандар – Ош шаарынын активисттери, ОшМУнун кызматкерлери жана студенттери жатакананын конокторуна тамактанууга жардам беришүүдө.

Куралдуу чабуулдун оор күндөрүн башынан өткөрүп, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдар эми гана эсине келе баштады.

Медицина кызматкерлери азыркы реалдуулукта, жашоодо мүмкүн болушунча алардын нормалдуу калыбына келишине жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх