Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Петропавловскийдеги казак-орус чек арасы жабылды

Таксисттердин айтымында, Орусия тарап аскер курагындагы эркектерди өткөрбөй жатат

Петропавловск (Казакстан) тараптан казак-орус чек арасы жабылды. Бул тууралуу Orda.kz порталы жазып чыкты.

«Таксисттердин жана булактардын айтымында, аскер курагындагы эркектерди орус тарап чек арадан өткөрбөйт», - дейт учурда чек арада жүргөн кабарчы. - Такталбаган маалыматтар боюнча Орусия Федерациясынан өтө албай калгандардын баарын күтүп жатышат. Аларды дароо автобус менен аскер комиссариаттарына алып барышат”.

Айта кетсек, буга чейин Орусиянын ФСБсынын чек арачылары аскер комиссариатынын талабы менен орусиялыктарга өлкөдөн чыгууга тыюу сала баштаганы тууралуу маалымат тараган. Мындан тышкары, Грузия сыяктуу кээ бир өлкөлөр да орустардын өз аймагына келишине тыюу салууга барышкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх