Сот Ахматбек Келдибековду бир топ жыл мурунку иш боюнча күнөөсүз деп тапты
Жогорку Кеңештин экс-спикери коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелген
Бишкектин Биринчи Май соту Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибековду толук актады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өкүм август айында чыгарылган. Экс-депутат кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупцияга шериктеш болгон деген айыптар менен бошотулган.
Эске салсак, Келдибеков салык кызматынын функцияларын жеке компанияга мыйзамсыз өткөрүп берген деп айыпталган. Анда мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Кошумчалай кетсек, парламенттин экс-спикери КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясында Жогорку Кеңештин мыйзамсыз өкүлчүлүгүн түзгөн деп шектелген. Андан кийин сот аны күнөөсүз деп таап, бирок 2021-жылы Жогорку сот мурунку өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөткөн.
Сүрөт www