КР мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзу 38 млн сомдук көлмөгө мыйзамсыз ээлик кылган
Токмок шаарынын прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча буйрук чыгарды
Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлк боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө КР мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзу тарабынан 2001-жылы мамлекеттик мекеменин Токмок-Чүй филиалы тарабынан берилген жеке менчик укугу жөнүндө катталбаган мамлекеттик актынын негизинде «Кадастр» МБ, мыйзамсыз ээлик кылган 7,76 га жер тилкесин (көлмө) аныктады.
Буга байланыштуу прокуратура тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине аталган жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди алуу менен мыйзам бузууларды четтетүү боюнча буйрук киргизилген.
Прокурордук чара көрүү актысын кароонун жыйынтыгы менен аталган жер тилкеси 7,76 га аянты 38 млн 800 миң сомдук жеке чарба жүргүзүүчү субъекттин мыйзамсыз ээлигинен кайтарылып, Балык чарба департаментине бекитилип берилген. .
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www