Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев да кызматтан кетти
Садыр Жапаров буга чейин берген арызына ылайык аны ээлеген кызматынан бошоткон
Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Бакыт Октябрьович Шаршеев берген арызына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматтан кеткен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз